Улуттук кол жазмалар жана
сейрек китептер борборунун адистери 200дөн ашык байыркы китептерди
санариптештиришти. Азыр фонддо эки миңге жакын экспонат бар. Көпчүлүгү IV-IVI
кылымдарга тиешелүү латын, кирилицца, араб, фарсы байыркы түрк жана башка да тилдерде
жазылган. Алардын арасында белгилүү окумуштуулардын эмгектери, касиеттүү
жазуулар менен каллиграфия, башкача айтканда, көркөм жазуунун жаркын үлгүлөрү
бар. Эми борбордо жасалма интеллект технологиясын киргизүү мерчемделип жатат.
Муну менен материалдарды которуу, иштетүү жана талдоо иштери тездейт. Борбордун
серепчилери борбор калаанын окуучуларына байыркы жазууларды сактоо жана жаңылоонун
маанилүүлүгү тууралуу айтып беришти. Улуттук китеп күнүнө карата жаш коноктор
үчүн экскурсиялар жана семинарлар өткөрүлдү.
Жандос
Болдыков, Улуттук кол жазмалар жана сейрек китептер борборунун мүдүрү:
- Биз
мектеп окуучулары байыркы кол жазмалардын баалуулугун түшүнүшүн каалайбыз.
Анткени, бардык экспонаттар бизге жеткиликтүү жана түшүнүктүү деген пикир калыптанган.
Чынында, алардын арасында сырдуу маалыматтар бар. Ошондуктан, тарыхты толуктоо үчүн
жасаган иштин көлөмү чоң. Бул баалуу мурастардын ишин аткарып, талдоо үчүн
алгач аларды ошол бойдон сактоо керек. Атайын кампалар, белгилүү бир
температура талап кылынат. Бул маданияттын бардык жаштарын окуу маданиятына
тартуу менен байланыштуу.
Борбор чет өлкөлөрдө экспонаттар сакталган кампанын жана
китепкананын адистери менен биргеликте масштабдуу изилдөөлөрдү жүргүзөт. Бул эл
аралык өнөктөштүк аркылуу ишке ашырылат. Өнөктөштөр менен, өзгөчө Борбордук
Азия аймагында тыгыз мамилелер жолго коюлган. Атамекендик адистер тажрыйба
алмашат. Мындан тышкары, ал баалуу жана сейрек кездешүүчү калдыктарды издейт.
Убакыттын өтүшү менен алар казакстандык реставраторлордун жардамы менен калыбына
келтирилип, элдин назарына сунушталат.
Бакша
Аширбекова, Улуттук кол жазмалар жана сейрек китептер борборунун серепчиси:
- Бул
китептер өтө сейрек кездешүүчү чыгармалар. Алар менен иштөөдө биз табигый
материалдарды колдонобуз. Мисалы, желимди өзүбүз жасайбыз. Унду колдонобуз.
Тигүү үчүн пахта жиптерин колдонобуз. Боекторду кошобуз. Мисалы, мындай түс берүү үчүн. Кагаздын өзү
ак, жапон материалы. Акрил боекторун колдонобуз. Мен өзүм Москвада, андан кийин
Арменияда окугам. Ошондой эле Иранда,
Бурятияда тажрыйба топтодум.
Которгон:
Илгиз Жамалбеков

