Астанада Ахмет Байтурсыновдун биринчи академиялык жыйнагынын бет ачары болду

Астанада Ахмет Байтурсыновдун биринчи академиялык жыйнагынын бет ачары болду

Астанада көрүнүктүү окумуштуу-агартуучу Ахмет Байтурсыновдун биринчи академиялык чыгармалар жыйнагынын бет ачары болду. Басылма 5 томдон турат. Бул жерде Ахмет Байтурсыновдун изилдөөлөрү, илимий эмгектери, докладдары, макалалары, монографиялары, каттары жана араб алфавитинин негизинде өзү түзгөн төте жазуу кириллица менен катар басылган. Окумуштуулар жыйнактын дүйнөлүк илим үчүн маанисин белгилешти. Ошондуктан электрондук нускасы чыкты. Ал бардык түркологдорго жеткиликтүү болот. Алар араб графикасы менен казак тил илиминин негизин салган казак окумуштуусунун кайталангыс эмгектери менен тааныша алышат.

Айгүл Исмакова, Жыйнактын башкы редактору:

- Ахмет Байтурсыновдун өз китептерине жазган түшүндүрмөлөр, шилтемелер сакталып жана биз билбеген адам аттарына, жер-суу аттарына, уламыштарга байланыштуу китепте кездешкен бүткүл топоникалык тексттерге илимий түшүндүрмөлөр берилген. Академиялык басылманын өзгөчөлүгү ушул.

Которгон: Илгиз Жамалбеков