Жапония Борбор Азия менен өнөктөштүктү бекемдөөгө кызыкдар

Жапониянын ири авиакомпанияларынын бири Казакстан менен байланыш түзүүгө кызыкдар. Жакын арада эки өлкөнүн ортосунда түз каттамдар ачылышы мүмкүн. Бул тууралуу борбор калаадагы С5+1 форматындагы кезектеги бизнес-форумда белгилүү болду. Жалпысынан Борбор Азия менен Жапониянын кызматташуу мүмкүнчүлүгү жогору. Күн чыгыш өлкөсүндөгү ири бизнестин өкүлдөрү аймак менен масштабдуу долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар. Бул өнөктөштүк жогорку технологияга негизделген. Анын ичинде приоритет өндүрүштү модернизациялоого берилет. Дагы бир артыкчылыктуу багыт жашыл энергетика болот.

Габидулла Оспанкулов, ТИМ инвестициялар боюнча комитетинин төрагасы:

– Бул форумдун негизги максаты  Жапония жана Борбордук Азия мамлекеттеринин ортосундагы бизнес, экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты андан ары илгерилетүү. Мындан тышкары, конкреттүү долбоорлорго кол коюу. Ошентип, ар бир мамлекеттен убакыт үнөмдөө үчүн 3 ири долбоор сунушталган.

Маселен, Жапониянын эл аралык кызматташтык банкы Казакстандын аймагындагы ар түрдүү тармактардагы 26 долбоорду каржылап, 2,3 млрд доллар бөлгөн.

Хаящи Нобумицу, Жапония  эл аралык кызматташтык банкынын төрагасы:

– Буга чейин биз мунай жана газ тармагындагы долбоорлорду каржылаганбыз. Азыр бизде энергетика жана башка тармактарда кызматташууну активдештирүү каалоосу бар. Анткени Казакстанда мүмкүнчүлүктөр көп. Экономикаларыңыз динамикалуу өнүгүп жатат. Чет мамлекеттерде жапон бизнесин колдогон расмий уюмдун өкүлү катары айта кетейин, биз Казакстанга мүмкүн болушунча көбүрөөк жапон технологиясын жана ноу – хауну алып келүүгө аракет кылып жатабыз.

Жапония Казакстандын Чыгыш Азиядагы негизги өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат жана бүгүнкү күндө алдыңкы 10 ири инвестордун катарына кирет. Казакстан менен Япониянын ортосундагы товар жүгүртүү өткөн жылы 10,5% га өсүп, 2,1 млрд долларга жеткен. Үстүбүздөгү жылдын үчтүн-бугу айларында өз ара сооданын көрсөткүчү 768 млн долларды түздү. Көз карандысыздык жылдарында Жапониянын Казакстандын экономикасына капиталдык салымдарынын топтолгон көлөмү АКШ валютасында дээрлик 8 миллиардга жетти.

Которгон: Илгиз Жамалбеков