Казакстан менен Түркмөнстан инвестицияларды өз ара коргоо боюнча макулдашты

Казакстан менен Түркмөнстан инвестицияларды өз ара коргоо боюнча макулдашты

Казакстан менен Түркмөнстан инвестицияларды өз ара коргойт жана кубаттайт. Мажилис тараптар былтыр тогуздун айында Ашхабадда кол койгон тийиштүү өкмөттөр аралык келишимди ратификациялаган. Документ парламенттин жогорку палатасынын кароосуна жөнөтүлдү. Анын негизги максаты-тартымдуу шарттарды түзүү жана чет өлкөлүк түз инвестициялардын келишине дем берүү. Бул үчүн тараптардын биринин инвесторлору жүзөгө ашырган инвестициялар адилеттүү жана тең укуктуу режимден, ошондой эле экинчи мамлекеттин аймагында толук коргоодон жана коопсуздуктан пайдаланышат. Мындан тышкары, ишкерлер инвестициялык талаш-тартыштарды улуттук соттор же эл аралык арбитраж аркылуу чечүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Тышкы иштер министринин орун басары баса белгилегендей, документ инвесторлорго ар кандай өзгөчө кырдаалдарда да кепилдик берет. Ошондой эле Алибек Куантыров Казакстан каражат салууга кызыкдар болгон Борбор Азия мамлекетинин экономикасынын негизги тармактарын атады.

Алибек Куантыров, Тышкы иштер министринин орун басары:

- Бул жерде энергетика, айыл чарба, инфраструктуралык долбоорлор жана өндүрүш ушул келишимди камтыган негизги тармактар болуп саналат. Атап айтканда, Казакстан учурда түркмөн газын импорттоого кызыкдар, буга ылайык, иштеп жаткан газ түтүктөрүн кеңейтүү. Ошондой эле Түркмөнстан Республикасынын аймагындагы газ кендерин биргелешип өнүктүрүү да байланыштуу болот.

Которгон: Илгиз Жамалбеко