Быйыл
Казакстанда Транспорт министрлигинин алдында өзүнчө кызмат пайда болот. Ал учак
кырсыгынын алдын алуу боюнча чараларды көрөт жана иликтөө жүргүзөт. Аны түзүү зарылдыгы
тууралуу буйрукту премьер-министр өкмөттүн жыйынында билдирди. Мындан тышкары
Олжас Бектенов маанилүү жана көңүл бурууну талап кылган бир нече маселелерди
атады. Биринчи кезекте, 2028-жылга чейин жүк ташууларды эки эсеге көбөйтүү үчүн
Улуттук жүк ташуучу авиакомпанияны түзүү боюнча иштерди тездетүү керек. Ал эл
аралык рынокто өз ордун табууга тийиш. Буга кошумча аткарылышы керек болгон
милдеттердин арасында: аба кемелеринин паркын толуктоо жана жаңылоо, чакан
авиакомпанияларды колдоо боюнча чараларды иштеп чыгуу, ошондой эле
санариптештирүү жана тармакка жасалма интеллектти киргизүү.
Олжас Бектенов, Казакстандын Премьер-министри:
- Өкмөттүн
кеңейтилген жыйынында мамлекет башчысы авиация тармагын өнүктүрүүгө, ошондой
эле Казакстандын аймагында эл аралык аба түйүндөрүн түзүүгө өзгөчө көңүл бурду.
Буга жетишүү үчүн биз өлкөбүздөгү 6 ири аэропорттун аймагында атайын
экономикалык аймактарды ачуу чечимин кабыл алып жатабыз. Алар эл аралык аренада атаандаштыкка
жөндөмдүү болушу керек. Андыктан жүк ташуучулар үчүн инфраструктураны жана
шарттарды өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасалат. Кийинки этап – бул аэропорттордо
бардык эл аралык стандарттарга ылайык мультимодалдуулукту өнүктүрүү болуп саналат.
Мында жүктөрдү жеткирүү транспорттун ар кандай түрлөрү менен ишке ашырылат.
Авиация тармагы туризмди өнүктүрүүнүн маанилүү фактору болуп саналат. Профсоюздук агенттиктин маалыматы боюнча, акыркы 5 жылда анын көрсөткүчтөрү эки эсеге өскөн. Ошентип, өткөн жылы эле атамекендик авиакомпаниялар дээрлик 15 миллион жургунчуну ташып, өлкө аэропортторунда кызмат көрсөтүү жүргүнчүлөрүнүн саны эки эсе көбөйдү. Мындан тышкары, 350 миллиард доллар өлчөмүндөгү жеке инвестициянын эсебинен Алматы, Шымкент жана Кызылордада үч терминал жаңыланды. Бул алардын өндүрүмдүүлүгүн дароо 6,5 эсе арттырууга мүмкүндүк берди. Кендерли, Зайсан жана Катон-Карагай курорттук зоналарында үч аэропорттун курулушу быйыл аякташы керек. 2030-жылга чейинки ушул жана башка пландар тууралуу Транспорт вице-министри Талгат Ластаев айтып берди.
Талгат
Ластаев, Транспорт вице-министри:
- Жүргүнчүлөрдү ташуу 14,7 миллиондон 26 миллион жүргүнчүгө чейин көбөйөт. Кайра иштетилген жүктүн көлөмү 170 миң тоннадан 500 миң тоннага чейин өсөт. Учак паркы 104төн 221ге чейин кеңейет. Эл аралык багыттардын саны 119дан 200гө чейин өзгөрөт. Министрлик бардык жүктөлгөн тапшырмаларды сапаттуу жана өз убагында аткарат. Бул иш такай көзөмөлгө алынат.
Которгон:
Илгиз Жамалбеков

