Касым-Жомарт Токаев КЭРнын Шинжаң-Уйгур автономиялык району ККП комитетинин катчысын кабыл алды

Касым-Жомарт Токаев КЭРнын Шинжаң-Уйгур автономиялык району ККП комитетинин катчысын кабыл алды

Касым-Жомарт Токаевдин айтымында, Казакстан Кытай менен стратегиялык өнөктөштүктү жана ар тараптуу кызматташууну тереңдетүүгө басым жасайт. Казакстан Шинжаң аймагы менен өнөр жай, транспорт, логистика, айыл чарба жана туризм сыяктуу көптөгөн багыттар боюнча ийгиликтүү алакаларды жүргүзүп келет.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:

- Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин мырзанын былтыр тогуздун айында Казакстанга жасаган сапары абдан ийгиликтүү болгонун айткым келет. Бул COVID-19 пандемиясынан улам узак тыныгуудан кийинки биринчи сапар экенин белгиледик. Биз абдан маанилүү келишимдерге жетиштик. Эки өлкөнүн өкмөттөрүнө жана тиешелүү аймактардын жетекчилерине жогорку деңгээлде жетишилген макулдашууларды ийгиликтүү ишке ашыруу милдети тапшырылды.

Ма Синжуй, КЭРнын Шинжаң-Уйгур автономиялык району ККП партия комитетинин катчысы:

- Менин иш сапарымдын негизги максаты - КЭР Төрагасы Си Цзиньпин менен Сиздин ортодогу маанилүү стратегиялык макулдашууларды ишке ашыруу. Кытайдын аймагы катары мамлекеттин батышындагы өлкөлөр менен мамилени чыңдоого жооптуубуз. Казакстан биз үчүн өз ара кызматташуунун артыкчылыктуу багыты болуп саналат. Негизинен Кытай менен Казакстандын кызматташтыгы Шинжаң аркылуу ишке ашат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков