Мамлекет башчысы CNPC компаниясынын мүдүрлөр кеңешинин төрагасын кабыл алды

Мамлекет башчысы CNPC компаниясынын мүдүрлөр кеңешинин төрагасын кабыл алды

Мамлекет башчысы CNPC компаниясынын мүдүрлөр кеңешинин төрагасы Дай Хоулянды кабыл алды. Тараптар мунай жана газ тармагындагы кызматташуунун келечегин талкуулашты. Мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев көмүр суутек кендерин чалгындоо жана өндүрүүнү улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Муну менен катар өлкө үчүн Шымкент мунай кайра иштетүүчү заводунун өндүрүштүк кубаттуулугун жогорулатуу боюнча долбоор чоң мааниге ээ экенин белгиледи. Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө Кытай Эл Республикасына казакстандык мунай менен газдын экспортун көбөйтүү келечеги жана Бейнеу – Бозой – Шымкент жаңы газ түтүгүн куруу долбоорун ишке ашыруу маселелери талкууланды.


Которгон: Илгиз Жамалбеков