Казакстан менен Кыргызстан өз ара инвестицияларды колдойт жана коргойт. Мажилис эки өлкөнүн Өкмөттөрүнүн ортосундагы тиешелүү келишимди ратификациялады. Документ жагымдуу инвестициялык климатты түзүүгө жана чет өлкөлүк түз салымдардын келип түшүүсүн стимулдаштырууга багытталган. Мында макулдашуу инвесторлорго шарттарды жана укуктук кепилдиктерди берет. Анда эл аралык арбитражга жетүү жана чет элдик инвестицияларга адилеттүү мамиле кылуу сыяктуу маанилүү механизмдер бекемделген. Белгилей кетсек, Казакстан Кыргызстандын үчүнчү ири соода өнөктөшү. Өткөн жылы өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүү 1,7 миллиард долларды түзгөн. Ошол эле учурда Казакстандын экспорту дээрлик 10% га өсүп, 1 миллиард 300 миллион долларга жеткен.
Алибек Куантыров, Казакстандын Тышкы иштер министринин орун басары:
- Бул биздин экономикалык мамилелерибиздин туруктуулугун көрсөтөт. Казакстандын Улуттук банкынын маалыматына ылайык, 2024-жылдын 9 айында Кыргызстандан 4,8 млн доллар түз инвестиция тартылган. Бул көрсөткүч 2023-жылдын 9 айына караганда 18%га жогору. 2024-жылдын 9 айында коңшу өлкөгө казак инвесторлорунан түз инвестициялардын жалпы агымы 48 млн долларды түздү.
Которгон: Сезим Шейшеналиева

