Касым-Жомарт Токаев Эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо министри Светлана Жакыпованы кабыл алды. Мамлекет башчысына социалдык өнүгүү жана эмгек мамилелери жаатындагы учурдагы абал жана келечектеги пландар тууралуу маалымат берилди. 143 миңден ашык жаран жумуш менен камсыз болду. Жыл башынан бери 232 миңден ашык адамга даректүү социалдык жардам көрсөтүлдү. Эмгектин коопсуздугун камсыз кылуу жана эмгек укуктарды коргоо боюнча кесиптик тобокелдиктерди аныктоо, баалоо, эмгек мамилелерин декларациялоо механизмдеринин автоматташтырылган системасы киргизилүүдө. Светлана Жакыпова долбоорлордун инновациялык навигаторун киргизүү жөнүндө айтып берди. Бул мамлекеттик инвестициялардын натыйжалуулугун жогорулатуу, жумуш орундарын сапаттуу пландаштыруу максатында иштелип чыкты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

