Жапон компаниялары казакстандык жылкыларды импорттоого кызыкдар

Жапон компаниялары казакстандык жылкыларды импорттоого кызыкдар

Казакстан Жапонияга жылкы эти менен камбар-ата төлдөрүн жеткирүүгө даяр. Күн Чыгыш өлкөсүндөгү эки компания жылкыларды жана алардын өнүмдөрүн импорттоону көздөп жатышканын билдирди. Биринчи ишкана өсүмдүк жана мал чарба өнүмдөрүн импорттоо менен алектенет. Ал эми экинчиси салттуу жапон тамагы - сашими жасоо үчүн керектүү этти өндүрүүгө адистешкен. Астанада тараптар ортосунда сүйлөшүүлөр өттү. Казакстандын айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, азыр Жапонияга өз өнүмдөрүн экспорттоого укугу бар 47 атамекендик ишкана катталган.


Мерей Баймуратов, Айыл чарба министрлигинин ветерианриялык көзөмөлдөө комитети башкармасынын башкы серепчиси:


- Казакстан тарап экспортко ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди. Эки тарап тең маалымат алмашуунун жана эл аралык стандарттарды так сактоонун маанилүүлүгүн баса белгилешти. Ошондой эле бүгүнкү күндө Казакстан менен Жапониянын ортосунда ветеринардык-санитардык талаптар менен күн чыгыш өлкөсүнө жылкынын этин экспорттоого ветеринардык сертификаттар макулдашылгандыгын белгилей кетүү керек.


Казакстандан жылкы этин жеткирүүгө Франция мамлекети да кызыкдар. Өткөн жылы тараптардын ортосунда тиешелүү келишимге кол коюлган. Белгилей кетсек, былтыр республика жалпы суммасы 2 млн доллалык 6 жарым миңге жакын жылкы саткан. Алардын басымдуу бөлүгү Өзбекстанга жөнөтүлдү. Ошондой эле Камбар-ата төлдөрүн Ооганстан, Германия, Бириккен Араб Эмираттары жана АКШ импорттойт.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков