Казак тилин үйрөнүүгө деген кызыгуу артууда. Бир гана Өскемендин өзүндө «Кел,
сүйлөшөлү» клубунун угуучуларынын саны күн санап өсүп келет. Абайдын тилин үйрөнүүгө жаштар гана эмес, карылар
да ынтызар. Дагы бир айта кетчү нерсе, мамлекеттик тилди түрдүү улут
өкүлдөрү үйрөнүүгө каалоолорун
билдирип жатат. Клубдун угуучуларынын пикири боюнча, сабактарда кыска убакыттын ичинде сөздүк корду бир кыйла жакшыртууга болот. Алардын айтымында, окуу программасы кеңири жана кызыктуу.
Жаңы материалга өтүүдөн мурун катышуучулар өткөн материалдарды карап чыгып, өз алдынча текст
түзүүнү үйрөнүшөт. Казак тили жана адабияты мугалими Аян Калымбектин айтымында,
ал өзүнө жаккан жумуш тапты. Ыктыярчы окуучулардын шыктануусунан улам
өзүнө дем-күч алат.
Галина Колмакова, Пенсионер:
-
Мен бала бакчада
тарбиячы жана методист болуп иштедим. Ошол учурда кичинекей балдарга бир эле
учурда бир нече тилди үйрөтүү ыкмаларын кошо турган болдук. Ошондуктан казак
тили мага бөтөн эмес. Андан кийин курс да ачылды. Угаарым
менен сүйүнүп келдим.
Аян Калымбек, Казак тили
мугалими:
-
Биз атуулдук
милдетибиз катары аптасына бир жолу башка улут
өкүлдөрүн окутуп жатабыз. Ар
бир сабак өткөн сайын үйрөнүүчүлөрдүн деңгээли да өсүүдө. Азыртан эле жакшы
натыйжаларды көрүп жатабыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков