Түбү бир түрк дүйнөсү руханий жаңылануунун жаңы мезгилине кадам таштады. Анын башаты – Улуу Талаа цивилизациясынын ата-бабалардан калган мурасы. Кийинки кадам – азыркы заманга ылайык жалпы баалуулуктарды өнүктүрүү милдети турат. Бул үчүн Өзбекстанда чогулган боордош өлкөлөрдүн тамыры терең тарыхына саресеп салып, пикир алмашып, тажрыйба бөлүшүп, биргелешкен демилгелердин дараметин талкуулашты. Жалпысынан жыйынга 35 өлкөдөн 300дөн ашык илимпоз чогулду.
Өзбек боордоштордун «Улуу бабалардын мурасы – үчүнчү Кайра жаралуу доорунун негизи» деген кайрылуусуна түрк дүй нөсү түгөл чогулду.
Султан Раев, ТҮРКСОЙ уюмунун баш катчысы:
– Түрк мамлекеттеринин кайра жаралышы биринчи кезекте биздин достугубуздан жана туугандыгыбыздан, маданиятыбыздан, тилибизден, динибизден башталат. Бул маселелерди биргелешип бириктирмейинче кайра жаралууга жол ачуу мүмкүн эмес. Ошондуктан президенттерибиздин бул багытта кабыл алган чечимдери актуалдуу жана орундуу деп айтат элем. Астанада өтүп жаткан түрк мамлекеттеринин саммитинде президент Токаев түрк кылымы келгенин айтты. Бул куру сөз эмес. Анткени азыр түрк дүйнөсүнүн илиминин кылымы.
Бул күндөрү Ташкентте жана Самаркандда ар бир илимпоз эл аралык конгресстин трибунасынан фундаменталдуу изилдөөлөрү менен жаңы долбоорлорун көрсөттү. Казак окумуштуулары да миңдеген жылдар бою сыры толук ачыла элек уникалдуу эмгектерин тааныштырып, кызматташуунун жаңы багыттарын сунуштады.
Гүлшат Абикова, Улуттук китепканасынын сейрек китептер жана колжазмалар кызматынын жетекчиси:
– Улуттук китепкананын сейрек кездешүүчү коллекциясында Алишер Наваинин он кылымга таандык кол жазма нускалары бар. Ошол эле учурда Санкт-Петербург, Казань, Ташкент басмаларында басылган литография нускалары 20-жылдан бери сакталып келет. Казакстандын китепканаларында сакталган Алишер Наваинин кол жазмалары жана байыркы китептери орус жана өзбек окумуштуулары тарабынан түзүлгөн бир дагы каталогго киргизилген эмес. Мунун уникалдуулугу ушунда.
Жомарт Жеңис, Ш. Уалиханов атындагы тарых жана этнология институту мүдүрүнүн орун басары: – Бизде башка тилдерге которула элек перс тилиндеги бир нече кол жазмалар, Борбор Азия элдерине тиешелүү архивдик материалдар бар. Мындан тышкары Орто Азияда ыйык жерлер, диний жайлар, архитектуралык эстеликтер бар. Ушулар тууралуу да маалымат бере алабыз. Алар биргелешип калыбына келтирүү иштери менен алектенсе болот.
Жомарт Жеңис, Ш. Уалиханов атындагы тарых жана этнология институту мүдүрүнүн орун басары:
– Бизде башка тилдерге которула элек перс тилиндеги бир нече кол жазмалар, Борбор Азия элдерине тиешелүү архивдик материалдар бар. Мындан тышкары Орто Азияда ыйык жерлер, диний жайлар, архитектуралык эстеликтер бар. Ушулар тууралуу да маалымат бере алабыз. Алар биргелешип калыбына келтирүү иштери менен алектенсе болот.
Жалпысынан конгресс жүрүшүндө түрк дүйнөсүнүн маданий жана руханий мурастарын кайра жаратуу боюнча 35ке жакын меморандумга кол коюлду. Мындан тышкары 150гө жакын биргелешкен долбоорлор кабыл алынды. Аларды ишке ашырууга дүйнө жүзү боюнча миңге жакын окумуштуулар тартылмакчы.
Которгон: Илгиз Жамалбеков