ШКУнун орто коридорду өнүктүрүүдөгү ролу

ШКУнун орто коридорду өнүктүрүүдөгү ролу

Казакстан Евразия континентинде интеграцияны жана өнөктөштүктү бекемдөө процессине жигердүү катышып келүүдө. Ал эми транспорт транзиттик мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланганда гана экономикалык байланыш бекемделет. Бул тууралуу мамлекет башчы бир нече жолу айткан. Анын үстүнө салттуу транспорт линиялары бир аз эскирип калганын эске алсак, багыттар боюнча заманбап инфраструктураны түзүү менен жаңы коридорлорду куруунун мааниси жылдан-жылга жогорулап келе жатат. Бул жаатта Транскаспий эл аралык транспорт коридоруна өзгөчө көңүл бурулууда. Бул дароо эки негизги багыттын «Түштүк-Түндүк» жана «Чыгыш-Батыш» коридорлорунун дараметин толук пайдаланууга мүмкүндүк берет. Бул көйгөйдү чечүү үчүн Казакстандын президенти өткөн жылы ШКУга мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынында ири порттордун жана логистикалык борборлордун тармагын түзүүнү сунуштаган.

Талгат Ластаев, Транспорт вице-министри:

– Портторду түзүү өтө маанилүү. Каспий деңизинде биздин Актау жана Курык портторубуз бар. Учурда аларды өнүктүрүп, жаңылоо жүрүп жатат. Ошол эле учурда тереңдик дагы жогорулатылууда. Ошондуктан бул порттор Транскаспий эл аралык транспорт коридорун өнүктүрүү долбоорунда өзгөчө мааниге ээ. Бул биздин Каспий деңизинин жээгиндеги өлкөлөр, Евробиримдик жана Кытай үчүн да абдан маанилүү. Биз бул транспорт коридору аркылуу товарларды 15 күндүн ичинде жеткирүүнү көздөп жатабыз.

Адистердин айтымында, транспорттун түрлөрү барган сайын мультимодалдуу болуп баратат. Ошондуктан, аларды жаңылоо жана евразиялык транспорт тармактарын модернизациялоо жана ачуу мүмкүнчүлүктөрү пайда болууда.

Которгон: Илгиз Жамалбеков