Жапа чеккендерге компенсация апта аягына чейин берилет

Жапа чеккендерге компенсация апта аягына чейин берилет

 Суу ташкынынан жабыркаган казакстандыктарга апта аягына чейин бир жолку компенсация  берилет. Буга байланыштуу өкмөт башчы өткөн жыйында ушундай тапшырма берген. Бүгүнкү күндө 3500дөн ашык үй-бүлө 100 айлык эсептик көрсөткүч көлөмүндө компенсация алып, анын жалпы суммасы 1 миллиард теңгеге жакындады. Акимчиликтердин азыркы ыкчам маалыматы боюнча, жаратылыш кырсыгынан 9 миңге жакын үй жабыркаган. Алардын 2 миңи боюнча техникалык изилдөөлөр жүргүзүлдү. Ошентип, анын жарымы оңдоого жараксыз деген чечим чыгарылды. Анын ордуна казакстандыктарга  жаңы үй салынат же тандоолору боюнча даяр үй сатып алынат. Өкмөт башчысы бул алдын ала маалымат экенин жана кырдаалдын оордугуна байланыштуу келтирилген зыяндын көлөмү көбөйүшү мүмкүн экенин белгиледи. Жабыркаган облустун акимдерине аз убакыттын ичинде даяр инфраструктурасы бар жаңы жер тилкелерин аныктоо тапшырмасы берилди. Дагы бир талап, жер тилкелери учурда суу каптаган аймактардан мүмкүн болушунча алыс болууга тийиш.

Которгон: Илгиз Жамалбеков