Жалган куран айынын 15де үчүнчү Улуттук курултай өтөт. Отурум президент Касым-Жомарт Токаевдин төрагалыгы алдында Атырау облусундагы Сарайшык шаарында өтөт. Казак элинин биримдигин бекемдеген бул маанилүү окуяга облуста кызуу даярдыктар көрүлүүдө.
Абылай Курмет, коомдук ишмер:
- Улуттук курултайда өлкө үчүн маанилүү маселелер көтөрүлөт деп ойлойм. Амал майрамынын алдында мындай иш-чаранын өтүшү жакшы жышаан деп эсептейм. Бул күнү адамдар бардык таарынычтарды унутуп, боорукер жана ынтымактуу боло турган күн. Демек, элдик курултай, Амал майрамы - элибиздин биримдигинин символу десек болот.
Которгон: Илгиз Жамалбеков