Жапон илимпоздору Казакстандагы жер титирөөлөрдү изилдейт

Жапон илимпоздору Казакстандагы жер титирөөлөрдү изилдейт

Казак жана жапон окумуштуулары жакында Алматыда болгон жер титирөөнү биргелешип изилдейт. Бул келечекте табигый кырсыктардын жана тобокелдиктердин алдын алуу боюнча стратегияларды иштеп чыгууга өбөлгө түзөт. Белгилей кетсек, Алматыда өткөн жыйында жапон адистери казакстандык сейсмологдор менен гана эмес, Борбордук Азия жана Кавказ өлкөлөрүнүн өкүлдөрү менен жолугуп, тажрыйба алмашууну көздөшүүдө. Мындан тышкары, Жапон өлкөсүнүн окумуштуулары сейсмикалык изоляция тармагындагы алдыңкы технологиялар жана стандарттар тууралуу айтып, туруктуу имараттарды курууда кызматташууну талкуулашат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков