Мемлекет башчы Премьер-Министрдин орун басары Канат Бозымбаевди кабыл алды

Мемлекет башчы Премьер-Министрдин орун басары Канат Бозымбаевди кабыл алды

Казакстандын суу ташкынан жабыркаган аймактарда 800-дөн ашык үй-бүлө жаңы баш калкалоочу жайларга жайгашышты. Ошондой эле 4 миңден ашык үй-бүлө үйлөрүн оңдоо жана калыбына келтирүү максатында 57 миллиард теңгеден ашык компенсация алышты. Турак жайды калыбына келтирүү үчүн дагы 237 миллиард теңге керектелет. Бул тууралуу мамлекет башчыга вице-премьер-министр Канат Бозымбаев билдирди. Жабыркагандарга бир жолку төлөм берүү уланууда. Өкмөт өкүлү чыгымга учураган ишкерлер четте калбай турганын айтууда. Жалпы суммасы 377 млн ​​теңгени түзгөн 34 бизнес объектинин арызы канааттандырылды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков