Мамлекет башчысы АКШнын Президентинин Түштүк жана Борбор Азия боюнча атайын элчиси Серджио Горду кабыл алды. Касым-Жомарт Токаев казак-америкалык кызматташтыктын жогорку деңгээлин белгилеп, Америка Кошмо Штаттары менен кеңейтилген стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары бекемдөөгө милдеттенмелерин ырастады. Тараптар биргелешкен соода-экономикалык жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну, маанилүү минералдарды, транспортту, логистиканы жана санариптештирүүнү камтыган артыкчылыктуу тармактарда өз ара аракеттенүүнүн келечектерин талкуулашты. Тынчтык кеңешинин ишмердүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулду, анын негиздөөчүлөрүнүн бири болуп Казакстан эсептелет. Касым-Жомарт Токаев Дональд Трампка Майамидеги G20 саммитине катышууга чакыруусу үчүн ыраазычылык билдирди. Өз кезегинде Серджио Гор АКШнын Президенти мамлекет башчысынын ишмердүүлүгүн жогору баалаарын белгиледи. Жалпысынан АКШ региондогу өлкөлөр менен келишимдердин динамикасын жогорулатууга умтулууда. Өткөн жылдын ичинде эле 20 миллиард доллардан ашык келишимдер түзүлгөн.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков

