Борбордук Азия өлкөлөрүнүн мамлекеттик кызматкерлери Казакстанда санариптештирүү боюнча билим деңгээлин жогорулатты. 5 күндүк окуу курстарынын катышуучулары мамлекеттик санариптик трансформациялоонун мүмкүнчүлүктөрү жана өлкөнүн электрондук өкмөтүнүн ишмердүүлүгү менен таанышты.
Аркен Арыстанов, ТИМ «KAZAID» казакстандык эл аралык өнүктүрүү агенттигинин төрагасы:
- Казакстан региондо санариптик кызматтарды киргизүү боюнча лидер болуп саналат. Ошондуктан биз Борбордук Азиядагы кесиптештерибиз менен тажрыйбабызды бөлүшкүбүз келди. Анткени биздин максат - күчтүү Борбордук Азия чөлкөмүн түзүү үчүн бул жаатта башка өлкөлөрдүн өнүгүшүнө таасир этүү. Казакстандык адистер өлкөбүздө электрондук өкмөттү киргизүүдө акыркы 15 жылда пайда болгон көйгөйлөргө токтолуп, аларды чечүүгө болорун иш жүзүндө көрсөттү. Бул системаны ишке ашырууда ошол каталарды кетирбөө үчүн тажрыйба алмашуу – биздин негизги максатыбыз.
Катышуучулар заманбап санариптик системалардагы алдыңкы көндүмдөрдү үйрөнүү үчүн ата мекендик адистер атайын «Достук-санариптештирүү» программасын иштеп чыккан. Анын мүмкүнчүлүктөрүн аймактын 20 мамлекеттик кызматкери сынап көрдү.
Шукурулло Сагдуллаев, Өзбекстандын билим берүүнү өнүктүрүүнүн республикалык илимий-методикалык борборунун ага адиси:
- Биздин өлкөдө маалыматтардын кайталанышына жол бербөөчү борборлоштурулган база жок. Бул тажрыйбаны өзүбүздө колдонууну сунуштайм. Мындай атайын база менен Казакстанда тааныштым. Аны ишке ашырууда пайда болгон ар кандай көйгөйлөр жана тобокелдиктер тууралуу кеңири маалымат алдым.
Курстун алкагында Сингапурдун бул багыттагы тажрыйбасы менен да таанышууга мүмкүн болду. Белгилей кетсек, аталган өлкө санариптештирүү боюнча дүйнөдөгү алдыңкы өлкөлөрдүн бири. Сингапурдук серепчилер Казакстандын бул тармактагы жетишкендиктерин жогору баалайт.
У Кун Тиан, Сингапурдун мамлекеттик кызмат колледжинин профессору:
- Ушул жумада маалымат алмашуу учурунда Казакстандын электрондук өкмөтү БУУнун рейтингинде бир топ жакшырганын байкадым. Бул багытта аткарылып жаткан кээ бир иштер абдан келечектүү. Мисалы, өкмөттүн жеке сектордун тиркемелери менен маалыматтарды кантип бөлүшөрү көрсөтүлдү. Көптөгөн башка өлкөлөр муну жасай элек. Мен азыр Казакстанда электрондук өкмөттүн башынан эле мобилдик тиркемелерге багытталганын көрүп турам. Кайсы өлкөнүн жараны болбосун ушул нерсени каалайт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков