АЭС куруу

Өнөр жайдын өсүшү, жаңы долбоорлорду ишке киргизүү, бардык жараяндарды автоматташтыруу, урбанизациялоо күч алууда. Бул, өз кезегинде, ресурстарды пайдалануу ыргагынын өсүшүнө алып келет. Анын ичинде электр жана жылуулук энергиясы. Өнөр жай министрлигинин маалыматы боюнча, Казакстанда 2035-жылы электр энергиясын керектөө көлөмү саатына 152 миллиард киловатттан ашат. Жетиштүү көлөмдө энергия менен камсыз кылуу үчүн ишенимдүү энергия булактары керек. Мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев «Эгемен Казакстан» гезитине берген маегинде Казакстан үчүн таза атомдук энергия абдан маанилүү экенин белгиледи. Бул өлкөнүн экономикасы үчүн абдан маанилүү. Казакстандын Атомдук электр станциясынын мүдүрү Тимур Жантикиндин айтымында, бул станция электр энергиясынын тартыштыгын биротоло чечип, өлкө өз мойнуна алган көмүр кычкыл нейтралдуулук программасын ишке ашырууга мүмкүндүк берет. Ошону менен бирге энергетикалык коопсуздукка жана көз карандысыздыкка түп тамырынан бери жетишүүгө жол ачат. Анын үстүнө өлкөдө объекттин иштеши үчүн керектүү ресурстар бар. Атап айтканда, урандын табигый корлорун жана өзөктүк отун компоненттерин өндүрүү жолго коюлган.

 

Тимур Жантикин, Казакстан Атом электр станциялары башкы мүдүрү:

 

- Маселени кийинкиге калтырууга болбой турган мезгил келди. Кен жайларында ​​да белгилүү чектөөлөр бар. Бүгүнкү күндө бизде гидроресурстар көп эмес, газ дагы көп убакытка жетпейт. Көмүрдүн да түгөнө турган мезгили келет. Ал эми кайра жанма энергия бул таптакыр башка тармак. Альтернативдик энергия булактары орнотулган электр булактары десе да болот. Башкача айтканда, ал эч качан базаны алмаштыра албайт. Бул түшүнүктүү. Биз бир гана көмүргө таяна албайбыз. Убакыт аз болгондуктан, тез арада ар тараптандыруу керек. Ошондуктан, базалык генерациянын экинчи булагы атомдук генерация болуп саналат.

 

АЭС куруу маселесин казакстандыктар чечет. Касым-Жомарт Токаев бул маселе жалпы элдик референдум аркылуу караларын белгиледи. Ага чейин өлкөдө масштабдуу коомдук угуулар өткөрүлөт. Казакстандыктар серепчилердин пикирин угуп, талкуулоого тийиш. Ошондон кийин гана эркин ойлорун билдирүү жараянында олуттуу чечим кабыл алынышы керек.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков