Казакстандын транспорт тармагын өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр

Казакстандын транспорт тармагын өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр

Транспорт тармагы-Казакстандын экономикасы үчүн жаңы өсүү чекитине айланган тармактардын бири. Буга өлкөнүн Азия менен Европанын ортосундагы жол тармагын байланыштыруучу звеного айланышы жардам берди. Бүгүнкү күндө республикада автоунаа, деңиз, темир жол жана аба коридорлору активдүү өнүгүүдө. Казакстандын транзиттик кубаттуулугун жогорулатууга ири долбоорлор оң таасирин тийгизүүдө. Эскерте кетсек, мамлекет башчысы биринчи кезекте Транскаспий эл аралык транспорттук каттамын өнүктүрүүнү, ошондой эле «Достык-Мойынты», «Бахты-Аягоз», «Дарбаза-Мактаарал», Алматы айланма жолу сыяктуу ири темир жол долбоорлорун ишке ашырууну тапшырган. Кызматташуу да маанилүү ролду ойнойт.

Нурлан Кеңесов, транспорт министрлиги департаментинин мүдүрү:

– Казакстандын транзиттик дараметине жана жалпы орто коридорго Кытай, ошондой эле Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрү, атап айтканда Корея, Жапония, Таиланд тарабынан чоң кызыгуу байкалууда. Бул багытта биздин кошуналардын дарамети чоң. Башкача айтканда, Борбор Азия өлкөлөрүнөн Кыргызстан менен Өзбекстан Транскаспий эл аралык транспорттук коридору аркылуу да өнүм жеткире алат. 

Маалыматка ылайык, акыркы 15 жылда Казакстан транспорт жана логистикага 35 миллиард доллардан ашык инвестиция салды. Ал эми жүк ташуунун көлөмү 10 жылдын ичинде дээрлик 30% га өстү. Кампаларга суроо-талаптын жогорулашынан улам алардын санын көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Эми милдет-өлкөнүн бүткүл экономикасынын масштабында транспорт тармагынын үлүшүн көбөйтүү.

Нурлан Кеңесов, транспорт министрлиги департаментинин мүдүрү:

– ИДӨдүн үлүшү жөнүндө айта турган болсок, бүгүнкү күндө ал 6,1% ды түзөт. Бул жаатта биз транспорт жана сактоо боюнча ИДӨдүн үлүшү 9% жетүү максатын койдук. Эгерде темир жол жана автоунаа ташууларынын көлөмү жөнүндө айта турган болсок, өткөн жылы алардын жалпы көлөмү 600 миллион тоннага жетти. Казакстан аркылуу транзиттик жүк ташуулар көбөйүп, 1,5% түздү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков