Жыл башынан бери Казакстанда 3 миңге жакын инвестициялык
келишим түзүлдү. Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги комитетинин маалыматы боюнча,
алардын жалпы наркы 436
миллиард теңгеден ашат. Документтерге
өндүрүш, транспорт жана сактоо кампалары, искусство, оюн-зоок жана эс алуу тармактары боюнча
кол коюлду. Келишимдин көбү Астанада, Шымкентте, Алматы
облусунда, ошондой эле, Алматы жана Жамбыл, Актөбе, Костанай, Түркестан облустарында түзүлгөн. Министрликтен билдиришкендей, биринчи кварталда
e-license портал аркылуу инвестициялык преференцияларды алууга чет элдик
ишкерлерден 86 арыз түшкөн.
Которгон: Илгиз Жамалбеков