Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Израил
бийлигинин Катардын борбору Доха шаарындагы аскердик акциясын айыптады. Акорданын
басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө, бул аракеттер кандай максаттарды көздөсө
дагы, Катар мамлекетинин эгемендүү укуктарын бузган жана эл аралык укуктун
принциптерине каршы келгендиктен, жол берилбестиги айтылат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

