Казакстан инвесторлорду тартуу үчүн шарт түзөт

Казакстан инвесторлорду тартуу үчүн шарт түзөт

Инвесторлор үчүн визанын ар кандай категориялары жана өлкөгө кирүүнү жеңилдетүү. Казакстан экономиканын ачыктыгына басым жасап, капиталды жана жогорку квалификациялуу адистерди тартуу боюнча аракеттерин күчөтүүдө. Ошентип, чын куран айынын 10нан тарта өлкөдө чет өлкөлүк жарандарды туруктуу жашоого кабыл алууну жөнгө салуу боюнча кошумча чаралар киргизилди. Бул тууралуу вице-премьер-министр, маданият жана маалымат министри Аида Балаева билдирди. Анын айтымында, инвесторлор үчүн менеджерлерге жана инвестициялык долбоорлордун катышуучуларына, ошондой эле алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө берилген атайын визалар бар. Бул формат Казакстандын рыногуна чыгууга, бизнес ачууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө мүмкүндүк берет. Ошол эле учурда суроо-талапка ээ болгон адистер үчүн артыкчылыктар сакталат. Алар үчүн өзүнчө виза категориялары, анын ичинде туруктуу жашаган жерин алуу мүмкүнчүлүгү бар. Миграция саясатынын 2030-жылга чейинки концепциясын ишке ашыруунун алкагында бир жылдын ичинде кесиптердин тизмеси тактоо күтүлүүдө. Бул иш экономикалык муктаждыктарды эске алуу менен улантылат. Ошондой эле жогорку квалификациялуу жумушчулар жана санариптик көчмөндөр үчүн визанын жаңы форматтары киргизилүүдө. Бул чаралар өлкөгө инвестициянын, технологиянын, профессионалдык ресурстардын агымын күчөтөт деп күтүлүүдө.

Аида Балаева, Премьер-Министрдин орун басары, маданият жана маалымат министри:

– Атайын визалар, анын ичинде туруктуу жашоо категориясы талап кылынган кесиптерге ээ болгон чет өлкөлүк жарандар үчүн да бар. Алардын арасында нейрохирургдар, гематологдор, фармацевтикалык инженерлер, бактериологдор, графикалык анимация боюнча техниктер жана башкалар бар. Тизме 51 кесипти камтыйт, бирок ал туруктуу эмес — ал тиешелүү мамлекеттик органдар менен кеңешип, экономикалык муктаждыктарга жараша такай жаңыланып турат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков