16-март - Маданият жана улуттук каада-салт күнү

Нооруздун 10 күндүгүндө жалган куран айынын 16 - маданият жана улуттук каада-салт күнү. Буга карата Алматыда «Тарбия баасы — тал бешик» көргөзмөсү ачылды. Экспозиция улуттук каада-салтка арналган эл аралык форумдун алкагында уюштурулган. Анда борбордук музей фондундагы 15 экспонат коюлуп, конокторго биринчи жолу бешик коллекциясы сунушталды. Алар ар кандай этаптарда иштелип чыккан, ал тургай жаңы үлгүлөрү да бар. Деген менен алардын арасында жыгачтан жасалып, оюу ыкмасы менен кооздолгон 120 жылдык тарыхы бар эң эски бешик бар. Кылымдан ашык убакыттан бери колдонулуп келе жаткан бешикке төрт муундан 26 бала  бөлөнгөн. Уюштуруучулардын айтымында, көргөзмөгө коюлган экспонаттар казак элинин баланын руханий жана физикалык жактан өсүшүнө канчалык көңүл бурарын көрсөтүп турат.  

Маржан Жүнисова, борбордук музейдин бөлүм жетекчиси: 

- Бешик казак калкы үчүн гана эмес, Кавказ, Кытай, Индия, Борбордук Азияда жашаган улуттар үчүн да абдан маанилүү болгон. Анын себеби, бешик – жарык дүйнөгө келген наристени көздөн, сөздөн сактаган. Археологиялык казууларда табылган алгачкы бешиктерге көз чаптырсак, анын көчмөн турмушка канчалык ылайыкташканын, канчалык ыңгайлуу болгонун баамдай алабыз. 

Умит Ашимова, борбордук музейдин кызматкери:  

- Бул бешиктердин ар биринин өзүнүн тарыхы бар. Бешиктин жыйналуу тарыхына келсек, бешиктер биздин музей кызматкерлеринин ар кайсы аймактарга болгон этнографиялык экспедициялары кезинде алынган. Негизинен Түштүк Казакстан, Батыш Казакстан облустарынан чогултулган бешиктер. Биздин музейге келген меймандарыбыз, музейдин тилектештери ал түбөлүк сакталаарын түшүнүп, бешиктерди музей фондуна тапшырууда. 

Жалпысынан Нооруз майрамынын он күндүгүн айта турган болсок, бул айдын 17-жылдызы Шаңырак күнү деп белгиленди. Бул күнү үй-бүлөлүк баалуулуктар менен тарбияга арналган маданий иш-чаралар өткөрүлөт. 18и - Улуттук кийим күнү. 19у - Жаңылануу күнү. Бул күнү жазгы бак отургузуу салты башталат. 20сы  Улуттук спорт күнүндө бир катар мелдештер уюштурулат. 21и Ынтымак күнү деп жарыяланды. 22си Улустун Улуу күнү - жыл башы. Бул күнү өлкөнүн бардык аймактарында улуттук маданий-спорттук иш-чаралар өткөрүлүп, этно айылдар менен түрдүү жарманкелер уюштурулат. Ал эми акыркы күнү – 23дө жалпы улуттук экологиялык акция өткөрүлөт. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков