Словениянын президенти борбор калаанын студенттерине лекция окуду

Словениянын президенти борбор калаанын студенттерине лекция окуду

Климаттын өзгөрүшү, суунун тартыштыгы, жасалма интеллектти жөнгө салуу, гендердик теңчилик. Словениянын президенти Назарбаев университетинин студенттерине арналган лекциясында азыркы замандын глобалдык көйгөйлөрүнө токтолду. Наташа Пирц-Мусар белгилегендей, мындай маселелер өлкөлөрдүн коллективдүү аракеттерин талап кылат, ошондуктан, эл аралык институттардын сынына карабастан, көп тараптуу кызматташуу адамзаттын актуалдуу көйгөйлөрүн чечүүнүн маанилүү куралы бойдон калууда. Ошол эле учурда ар бир өлкө дүйнөлүк күн тартибине таасир эте алат. Мисалы, өздөрүнүн демилгелери аркылуу. Словениянын кадамы ушундай. Анын аарыларды жана суу ресурстарын коргоо боюнча демилгелери эл аралык деңгээлде кабыл алынып, туруктуу өнүгүүгө салым кошууда. Лекциядан кийин Наташа Пирц-Мусар студенттердин суроолоруна жооп берип, казак тарап менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен бөлүштү.

Наташа Пирц-Мусар, Словения Республикасынын президенти:

- Саламаттуу экономикалык бизнес-чөйрө маанилүү болуп эсептелет. Бул болжолдуу салык саясатын билдирет. Саясатчылар келечекте бизнести өнүктүрүү үчүн жакшы негиз боло турган көптөгөн келишимдерге кол коюшса, биз буга умтулушубуз керек. Бул менин Астанага болгон сапарымда ишке ашты. Үч меморандумга кол коюлду, дагы экөө процессте. Ал эми эки тараптуу соода жүгүртүү алда канча көп болушу мүмкүн деп ишенем. Анткени, бул үчүн бардык шарттар жана мүмкүнчүлүктөр бар.

Которгон: Илгиз Жамалбеков