Касым-Жомарт
Токаев бүгүн Европадагы
коопсуздук жана кызматташтык уюмунун
Башкы катчысы Феридуна Синирлиоглуну кабыл алды.
Казакстандын Президенти аны Регионалдык экологиялык саммитке активдүү катышканы
үчүн ыраазычылык билдирип, платформа Борбор Азиянын жана коңшу региондордун
экологиялык көйгөйлөрүн биргелешкен жолдор менен чечүүгө багытталганын баса
белгиледи. Сүйлөшкөн тараптар туруктуу өнүгүү, климат жана суу ресурстары
жаатында өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин билдиришти.
Мамлекет башчысы Казакстан ЕККУнун бардык үч чөйрөсүндө жана 2010-жылдагы
Астана декларациясында бекитилген принциптердин негизинде кызматташтыкты
бекемдөөгө милдеттүү экендигин ырастады. Касым-Жомарт Токаев улуттук күн
тартибинде адам укуктары, демократия жана мыйзамдын үстөмдүгү артыкчылыктуу
экенин билдирди.
ЕККУнун Баш катчысы чакыруу үчүн
ыраазычылык билдирип,
Борбордук Азияда жана анын чегинен тышкары климат маселелерин илгерилетүүдө
Казакстандын лидерлигин жогору баалады. Ошондой эле, ал Уюмдун ишмердүүлүгүндө Казакстандын
негизги ролун белгиледи.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков

