Астанада
Францияны бошотууда Европалык каршылык көрсөтүү кыймылында согушкан
казакстандык партизандардын урпактарына сыйлыктар тапшырылды. Ордендерди
баатырлардын үй-бүлөлөрүнө Казакстандагы элчиси Сильван Гиоге тапшырды. Сыйлык
алгандардын арасында казакстандык партизандар Ахмет Бектаевдин, Бектемир
Байжановдун, Нуранбай Баймуратовдун, Ахмет Субаловдун жана Өтөулы
Бисенгалиевдин туугандары болду. Мындай биринчи азем өткөн жылы болуп, фронттогу үч жоокер каза
болгондон кийин сыйланган. Демилге казак тарапка таандык. Аскердик тарых
музейи изилдөө жүргүзүп, Европалык каршылык көрсөтүү кыймылында согушкан
мекендештер жөнүндө көргөзмө уюштурган. Дипломатиялык миссиялардын өкүлдөрү,
анын ичинде Франциянын элчиси менен жолугушуудан кийин, тараптар биргелешкен
иштерин улантууга макулдашышты.
Болат
Бисенгалиев, партизан Өтө уулу Бисенгалиевдин
уулу:
– Француз өкмөтү жана Франция элчилиги атамдын
эмгегин баалаганына кубанычтамын. Мен абдан ыраазымын, чексиз ыраазычылык
билдирем. Бул медаль менин балдарым, неберелерим үчүн керек. Алар өздөрүнүн
ата-бабалары, чоң аталары жоокер болгонун билип жүрүшү зарыл. Кантсе да, биз
казакпыз, биз — жоокер элбиз, баатыр элбиз.
Сильван Гиоге,
Франциянын Казакстандагы Толук жана ыйгарым укуктуу элчиси:
– Бүгүн биз Франциянын коргоо министринин атынан медалдарды жана
сертификаттарды тапшырдык, бул Франциянын казак партизандарына терең
ыраазычылыгынын белгиси жана далили. Биз бул маанилүү ишти алдыдагы жылдары
улантып, Коргоо министрлигибиз менен жылдык сертификаттарды жана сыйлыктарды
белгилөө үчүн диалогду улантабыз деп үмүттөнөбүз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

