Казакстандык жиптер менен кездемелер Француз жана Италия мода үйлөрүнө жеткирилмекчи

Казакстандык текстильден француз жана италиялык мода үйлөрүнүн коллекциялары жок тигилиши мүмкүн. Алар үчүн жиптер жана кездемелер Түркестандагы фабрикада чыгарылат. «Turan» атайын экономикалык аймагына пахта агроөнөр жай комплексинин пайдубалына капсула салынды. Кытай компаниясы фабриканын толук цикл үчүн 11 цехин курат. Ал түздөн-түз дүйнөгө белгилүү бренддер менен иштейт. Ишкана жылына 13 миң тонна жип, 50 миллион метр текстиль, 7 миллион комплект шейшеп чыгарууну көздөп жатат. Долбоор кийинки жылы ишке ашырылат.

Сюй Цзе, Түркестан пахта агроөнөржай комплексинин мүдүрү:

- Жогорку сапаттагы жиптерди жана кездемелерди чыгарабыз. Анткени Казакстандын пахтасы жумшак жана бышык. Андан жасалган нерселер өзүнүн формасын эң сонун сактайт, кичирейбейт, өчпөйт, тытылып кетпейт, күнгө күйбөйт. Биздин өнүмдү  дүйнө жүзүндөгү текстиль фабрикалары сатып алышат. Бул текстиль Louis Vuitton жана Gucciге чейин жетет дегенди билдирет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков