Дагы төрт Пржевальск жылкысы Казакстанга келди. Аларды
Берлин зоопаркынан атайын авиарейс менен Костанай облусуна алып келишти. 13
сааттык учуудан кийин жерге түшкөн керкуландарды андан ары жеткирүү үчүн атайын транспортко
кайра жүктөштү. Маршруттун акыркы жери – «Алтын Дала» мамлекеттик жаратылыш
коругу. Эми бул жерде казакстандык популяцияны түзүү үчүн толук кандуу топтор калыптанды. Жаныбарлар
ыңгайлашкан соң жапайы жаратылышка
коё берилет.
Канат Батырхан уулу, «Казакстандын биоартүрдүүлүктү
сактоо ассоциациясы» коомдук бирикмесинин адиси:
– Алардын
баары жакшы. Жаңы
аймакка, жаңы короого
көнүп, жаңы жерлерди өздөштүрүп, суу ичүүчү жайга барып жатышат, алар өздөрүн жакшы сезүүдө. Мурунку
топтор кышты, аязды, бороонду жакшы өткөрүштү, өздөрүн жакшы сезишкен. Азыр
келген жылкылар
да жакшы көнүп кетет деп ойлойбуз.
Ленка Полякова, Прага зоопаркынын мүдүрү:
– Борбор
Азиянын жаратылыш шарттарына толук ыңгайлашуу үчүн Пржевальск жылкысы миңдеген
жылдар бою өнүгүп келген.
Бул жерде, талаада, алар оптималдуу рационду табышат - алар үчүн көп өсүмдүк
бар. Туулган талааларына кайтып келгенде, алар чындыгында өздөрүнүн табигый жашоо
чөйрөсүнө киришет.
Пржевальск жылкыларын кайтаруу жана тарыхый чөлдүү экосистеманы калыбына келтирүү боюнча масштабдуу программа 2023-жылы башталган. Жаныбарлардын алгачкы эки тобу бир жылдан кийин эле келген. 2029-жылга чейин жалпысынан 40 жылкыны көчүрүп келүү пландалууда.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

