Казакстанда балдарды кооптуу илдеттерге каршы эмдөөгө каражат бөлүндү

Казакстанда балдарды кооптуу илдеттерге каршы эмдөөгө каражат бөлүндү

Казакстанда балдарды коркунучтуу илдеттерге каршы эмдөө үчүн өкмөттүн резервинен 5 миллиард 800 миллион теңгеден ашык каражат бөлүндү. Алардын ичинен көк жөтөл, кептөөр, вирустук гепатит, кызамык, кызылча, балдардын шал оорусу, гемофильдик инфекция сыяктуу коркунучтуу жугуштуу ооруларга каршы эмдөө жүргүзүлөт. Тиешелүү токтомго премьер-министр Олжас Бектенов кол койду. Каражат облустардын, республикалык маанидеги шаарлардын жана борбордун акимчиликтерине которулат. Жалпысынан болжол менен 748 миң доза вакцина жана 540 миңден ашык шприц сатып алынат. Белгилей кетсек, эмдөө иштери Улуттук эмдөө календары алкагында белгилүү бир себептерден улам убагында эмделбей калган балдарга багытталган. Кошумчалай кетсек, Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Казакстанда кызамык боюнча эпидемиологиялык абал турукташып келе жатат. Акыркы 2 айда оорунун көрсөткүчү 32%га азайды.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков