Конституция күнүн утурлай Астанада Баш мыйзамдын жарандык коомду
өнүктүрүүдөгү ролу тууралуу эл аралык конференция өттү. Эксперттер ошондой эле
адам укуктары менен эркиндиктеринин сакталышына конституциялык көзөмөлдүн
маанилүүлүгү жөнүндө пикир алмашышты. Делегаттар - булар Конституциялык соттун
иштеп жаткан судьялары, парламент депутаттары, ЕККУнун Астанадагы кеңсесинин
өкүлдөрү, ошондой эле Германия, Финляндия, Швейцария, Өзбекстан жана
Кыргызстандын окумуштуу-юристтери мыйзам үстөмдүгүн бекемдөөдө жарандардын
өздөрүнүн катышуусу да маанилүү ролду ойнойт деп эсептешет. Чогулгандар ошондой
эле конституциялык мыйзамдуулукту камсыз кылуу - ар бир мамлекеттик органдын
жана кызмат адамынын милдети экенин белгилешти.
Берик Бекжанов, Парламентаризм институтунун мүдүрүнүн орун басары:
- Мамлекет башчысы айткандай, азыркы коомдогу негизги максат - жарандардын укуктарын коргоо. Аларга бирдей эркиндик берүү. Мыйзам үстөмдүгүн орнотуу принциби Конституцияга түздөн-түз байланыштуу.
Белгилей кетсек, жыл башынан бери конституциялык сот казакстандыктардын 7
миңден ашуун кайрылуусун караган. Колдонуудагы 500дөн ашык укуктук ченемдер
талданып, 10у Конституцияга туура келбейт деп табылган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков