Казакстан президентинин Эл аралык суу уюмун түзүү боюнча
демилгеси БУУ тарабынан колдоо тапты. Уюмдун баш катчысынын орун басары Ли
Цзюньхуа Астанадагы Регионалдык экологиялык саммиттин алдындагы аянтчалардын
биринде бул идеяны «убагындагы көрөгөчтүк» деп атады. Анын айтымында, бул кадам
дүйнөлүк кызматташтыкты бекемдөөгө, практикалык чечимдерди кабыл алууга жана
дипломатиялык мамилелерди бекемдөөгө мүмкүнчүлүк берет. Демилге башка да эл
аралык аянтчаларда дыкаттык меен каралат.
Ли Цзюнхуа, БУУ баш катчысынын
социалдык жана экономикалык маселелер боюнча орун басары:
– Саммиттин жүрүшүндө лидерлер,
жетекчилер жана катышуучулардын сөзүн угуп, алар өз ара пикир алыша башташты.
Бүгүнкү сүйлөшүү бул региондо, дүйнө жүзү боюнча миңдеген башка аймактарда
жетишилген ийгиликтердин негизинде кызматташуунун жана тутумдуу чечимдерди ишке
ашыруунун конкреттүү, практикалык жолдорун издөө жөнүндө болуп жатат. Биз
Касым-Жомарт Токаевдин демилгесин тыкыр көзөмөлдөп турабыз жана ал тийиштүү
колдоо алат деп үмүттөнөбүз .
Махир Алиев, Тегеран Конвенциялык
убактылуу катчылыгынын координатору:
– Албетте, бул өз убагында
көтөрүлгөн демилге жана ал Каспий боюндагы 5 өлкөнүн куру сөз менен айтылган
саясий эрк декларациясы менен чектелбестен, конкреттүү иш-чараларды аткарууга
өтүүнү талап кылган аймактык иш-аракеттер механизмин камсыз кылат. Бул максатка
ушундай мамлекеттер аралык программа керек. Ошондуктан эл аралык уюмдар
тарабынан көтөрүлгөн мындай демилгени кубануу менен кабыл алабыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

