Жаңы Конституциянын долбоору бизнес менен мамлекеттин ортосунда ишеним жана
узак мөөнөттүү өнөктөштүк мамилелерин түзөт. Бул тууралуу Казакстандын Премьер-министри
Олжас Бектенов ишкерликти өнүктүрүү маселелери боюнча кеңешмеде билдирди. Ага
экономиканын алдыңкы тармактарынын жана Улуттук ишкерлер палатасынын өкүлдөрү
катышты. Премьер-министр ишкерликти өнүктүрүү Мамлекет башчысы белгилеген
артыкчылыктуу багыттардын бири экенин жана ишкерлик экономикалык реформаларды
жүргүзүүдөгү негизги өнөктөш экенин өзгөчө белгиледи. Өкмөт башчысысынын
айтымында, конституциялык өзгөртүүлөрдү ачык талкуулоо жана жарандардан келип
түшкөн сунуштар бул жумуштагы демократиялык принциптин ачык көрсөткүчү.
Олжас Бектенов, Казакстан
Республикасынын Премьер-министри:
- Биз бүгүн
сиздер менен өлкөбүз үчүн өтө маанилүү, тарыхый мааниси бар учурда жолугуп
отурабыз. Жарым жыл бою коомдо конституциялык реформаны активдүү талкуулоо
жүрүп жатат. Ачык дискуссиялар болуп жатат. Жарандардан миңдеген сунуш келип
түшүүдө жана алардын бардыгы терең изилденип, эске алынып жатат. Бул –
өлкөбүздөгү демократиялык процесстердин айкын далили. Өлкөбүздүн жаңы
Конституциясынын долбоору элге сунушталды, башкы максат – эгемендүүлүгүбүздү,
Көз карандысыздыкты чыңдоо. Баарыңыздарды Президентибизди жана жаңы
Конституцияны колдоого чакырам. Сиздердин карамагыңыздарда миңдеген адамдар
иштейт. Алардын ар бирине реформа милдеттерин туура жеткирүү маанилүү.
Кеңеште салык
реформасы жана ишкердикти колдоо маселелери да талкууланды. 2025-жылы
колдонуудагы программалардын алкагында жалпы наркы 365 млрд теңгелик 3 миңден
ашык чакан жана орто бизнес долбоору субсидияланды. Ошондой эле казакстандык
товар өндүрүүчүлөрдүн тизмесин ишке киргизүү жүрүшү каралды. Бүгүнкү күндө
системага 5 жарым миңден ашык компания катталган. Бизнес өкүлдөрү салык
системасын администрациялоо жана мамлекеттик колдоо механизмдерин өркүндөтүү
боюнча сунуштарын айтышты.
Гүлнар Бижанова,
«Атамекен» УИП башкарма төрагасынын орун басары:
- Биз үчүн
Конституциянын башкы баалуулуктары маанилүү, ал адилеттүү Казакстанга
багытталып, «Мыйзам жана тартип» принцибин бүткүл коомдук өнүгүүнүн өзөгүнө
айландырат. Бул принциптер биздин мамлекетибиздин укуктук жактан жетилген,
туруктуу өнүгүү жолуна түшкөн өлкө экенин көрсөтөт. Биздин багындырган
бийиктиктерибизден экономиканын баскычтуу өнүгүшүнө, жарандардын укуктарын
мыйзам менен коргоого багытталган мамлекеттин туруктуу позициясын көрүүгө
болот.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

