К.Токаев Боао Азия форумунун пленардык сессиясында сөз сүйлөдү

К.Токаев Боао Азия форумунун пленардык сессиясында сөз сүйлөдү

Касым-Жомарт Токаев 23-Боао Азия форумунун пленардык жыйынынын ачылыш аземине катышты. Бул жылы ал «Азия жана дүйнө: жалпы чакырыктар, жалпы жоопкерчилик» деген ураан астында өтүп жатат. Өз сөзүндө мамлекет башчысы платформанын диалог жана кызматташтык борбору катары маанилүү ролун белгиледи. Айрыкча глобалдык белгисиздиктин болуп көрбөгөндөй фонунда. Дүйнөлүк экономиканын алдында турган көйгөйлөрдүн бири алдыңкы өлкөлөрдүн ортосундагы соода мамилелеринин чыңалуусу болууда. Ал эми азыр дүйнөлүк экономикага өнүгүүнүн жаңы жолдору болуп көрбөгөндөй керек. Касым-Жомарт Токаев Азия чөлкөмү бул багытта эң ырааттуу өнүгүп келе жатканын баса белгиледи. Бул быйыл дүйнөлүк ИДӨнүн өсүшүнө 60% салым кошот деп күтүлүүдө. Бүгүнкү күндө Казакстан Кытайдын Борбор  Азиядагы негизги соода-экономикалык өнөктөшү болуп саналат. Кытайдын соода жүгүртүүсүнүн жана инвестициянын жарымы Казакстандын үлүшүнө туура келет. Ал эми өткөн жылы өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүү 41 миллиард долларды түзүп, тарыхый рекордго жеткен. Кытай менен Европанын ортосундагы бардык кургак транспортунун 80%ы Казакстан аркылуу өтөт. Ошондой эле, Касым-Жомарт Токаев Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы транзиттик жана транспорттук кызматташтыкты кеңейтүүнүн стратегиялык маанисин белгиледи. Анын ичинде Транскаспий эл аралык жолу аркылуу. Ошол эле учурда Казакстан коңшулары менен Түндүк-Түштүк коридорун өнүктүрүүдө кызматташууга даяр, деп баса белгиледи мамлекет башчысы.

Которгон: Илгиз Жамалбеков