Казакстандык десантчы АКШда өткөн "Мыкты жоокер-2024" сынагында биринчи орунду алды. Мелдештин жүрүшүндө Мухиадин Сумагул 20 чакырым аралыкта жаңы рекорд койду. Бул маараны ал бар болгону 1 саат 59 мүнөттө багындырды. Турнирдин уюштуруучулары казак жоокеринин ийгилигин Олимпиада оюндарынын легендарлуу жеңүүчүсү Элиуд Кипчоге менен салыштырды. Ал спорттук карьерасында World Marathon Majors дүйнөлүк сериясынын 12 жарышында өзгөчөлөнгөн. Казакстандык мелдештин ар бир этабында жарыш сызыгынан биринчи болуп өттү. Дагы бир казакстандык жоокер Орынбек Сандыбеков аталган мелдеште экинчи орунду ээледи. Белгилей кетсек, бул турнир бир нече багытта өткөрүлдү. Анын ичинде автоматты чачып-жыйноо, ок атуу, ордунан багыттоо жана башка мелдештер болду.
Мухиадир Сумагул, 35-гвардиялык десант-чабуул коючу бригадасынын сержанты:
- Бул ийгиликке апамдын жана анын колдоосунун аркасында жеттим. Кызылордада окуп жүргөн кезден бери сынактарга катышып келем. Күрөш боюнча мелдештерге катыштым. Жеңүүчүлөрдүн катарында болуп, байгелүү орундарга да ээ болдум.
Рустем Сеитов, 32363 аскер бөлүмүнүн сержанты:
- Бул сынакка катышуу атайын планыбызда болду. Күнүнө 2 саатты машыгууга арнадык. Анын ичинде турникке тартылуу, гира таштарын көтөрүү, оор атлетика, кийинчерээк жеңил атлетика менен да алектендик. Бул үчүн атайын инструктор да жалдаганбыз.
Учурда жаш жоокерлер десант-чабуул коюучу аскерлердин катарында өздөрүнүн мекен алдындагы милдеттерин өтөп жүрүшөт. Баатыр десантчыларды даярдаган гарнизон Конаев шаарына жакын жерде жайгашкан.
Которгон: Илгиз Жамалбеков