Казакстанда Каспий тюленин сактоо үчүн жаратылыш коругу түзүлөт. Бүгүнкү күндө өлкөнүн Айыл чарба министрлиги тиешелүү токтомдун долбоорун даярдады. Табигый корук Каспий деңизинин акваториясында - Казакстандын Мангыстау жана Атырау облустарынын аймагында уюштурулат. Мекеме республикалык бюджеттен өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын коргоого бөлүнгөн каражаттардын эсебинен каржыланат. Белгилей кетсек, Каспий тюлени сейрек кездешүүчү жана жоголуп бара жаткан өсүмдүктөр менен жаныбарлардын түрлөрүнүн тизмесине киргизилген.
Которгон: лгиз Жамалбеков