Казакстандын Президенти ОПЕКтин башкы катчысы Хайтам
аль-Гаисты кабыл алды. Тараптар дүйнөлүк мунай рыногунун учурдагы абалын жана
кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты. Мамлекет башчысы ОПЕКтин
дүйнөлүк мунай рыногунун туруктуулугун камсыз кылууга багытталган аракеттерин
жогору баалады. Касым-Жомарт Токаев ОПЕКтин башкы катчысынын сапарын өлкө менен
уюмдун ортосундагы конструктивдүү диалогду өнүктүрүүдө маанилүү кадам катары
карай турганын белгиледи. Президенттин айтымында, Казакстан улуттук
кызыкчылыктарды коргоого артыкчылык берип, мунай өндүрүү көлөмүн акырындык
менен көбөйтүү боюнча ОПЕК+ чечимин колдойт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

