Казакстанда жылдын аягына чейин Digital Qazaqstan стратегиясы иштелип чыгат. Ал өлкөнүн кеңири масштабдуу санариптик трансформациясынын жаңы этабын ишке киргизүүсү тийиш. Жасалма интеллектти бардык тармактарда жапырт колдонууга киргизүү экономикалык өсүш менен эмгек өндүрүмдүүлүгүн арттырат. Стратегия башка тармактарга да «жол баштоочу» мүнөзгө ээ ири улуттук долбоорлорго негизделет. Азыр алардын саны аныкталып жатат. Долбоордун ар бирине жеке KPI көрсөткүчү жана аткарылуу мөөнөтү белгиленет.
Бахтияр Мухаметкалиев, санарип өкмөттү колдоо борборунун башкы мүдүрү:
- Биз бул долбоорлорду мамлекеттик мекемелер, квазимамлекеттик жана жеке сектор, бирикмелер, серепчилер, мамлекет башчылыгы жана ар кандай эл аралык адистер менен биргеликте талкууладык. Алардын ар бири өз сунуштарын айтты. Биз ошонун баарын жыйнактап, бири-бирин кайталабаган, биздин бардык ички талаптарыбызга ылайык келген кылып системалап жатабыз. Ушул сунуштардын баарын бириктирип, болушунча кеңири камтуу мүмкүнчүлүгүн ойлоштурабыз. Азыр бизде ага керектүү негиз бар. Биз аны менен иш жүргүзүп, оңдоп жатабыз. Башкы максатыбыз ушул сунуштарды улуттук долбоорлорго бириктирүү.
«Жол баштоочу» – Улуттук долбоорлор 10 негизги багытты камтыйт. Алар санариптик мамлекеттик кызматтар, саламаттыкты сактоо, билим берүү жана эмгек рыногу, санариптик экономика, маалыматтар, киберкоопсуздук, робототехника, санариптик инфраструктура, жөнгө салуу жана стартаптар экосистемасы болуп саналат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

