Казакстанда 4 миң жылдык тарыхы бар таш табылды

Казакстанда коло дооруна таандык жазуусу бар таш табылды. Бул тарыхый экспонатка Жаңытас шаарынын чет жакасын тазалап жүргөн ыктыярчылар туш болушкан. Байыркы цивилизациянын символунун туурасы 2 метр, ал эми узундугу 15-20 метрден ашат. Байыркы петроглифтерде аңчылык кылган жана тор жайган адамдардын образдары даана сүрөттөлгөн.

Асылжан Пазылбеков, ыктыярчы:

- Өзгөчө жазууларга көзүбүз түшүп калды. Биз тарыхчы эмеспиз, атайын тарыхчыларды чакырганда бул жазууну аныктадык. Көрсө бул чоң архив боло турган тарыхыбыз үчүн өзгөчө жазуулар экен.  Эми бул жерде чоң тазалоо иштерин жүргүзөбүз.

Адистердин айтымында, символикалуу таштын 4000 жылдык тарыхы бар. Анын бетине чегилген сүрөттөрдөгү өзгөчө элементтер илимий ачылыштар деп аталат. Андыктан маданий мурастар комплекстүү түрдө изилденет. Тарыхчылар байыркы символ табылган аймак мамлекеттин коргоосуна алынууга тийиш деп эсептейт.

Сауран Калиев, тарыхчы-археолог:

- Каратау кырка тоосу бул Казакстандын эң ыйык тарыхый-географиялык аймагы болуп эсептелет. Ал эми ошол илимпоздордун изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы боюнча келечекте региондук туристтик багыттарга киргизүү мүмкүнчүлүгү жогору.


Которгон: Илгиз Жамалбеков