Казакстанда референдум өттү деп табылды. Референдумдун борбордук комиссиясынын маалыматы боюнча, саат 14:00гө карата шайлоочулардын тизмесине кирген жарандардын дээрлик 52%ы добуш берүүгө катышты. 6 миллион 471 миң 378 казакстандык бюллетень алды. Өлкө боюнча 12 миллиондон ашык шайлоочу катталып жана 10 миңден ашык шайлоо участогу ачылган.
Шавхат Утемисов, Борбордук шайлоо комиссиясынын катчысы:
– Республикалык референдум жөнүндө Казакстан Республикасынын конституциялык мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктуна ылайык, референдумга катышууга укугу бар жарандардын жарымынан көбү добуш берүүгө катышса, референдум өттү деп эсептелет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

