Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин «Түбөлүк достук – биздин
элдер үчүн жол көрсөтүүчү жылдыз» аттуу автордук макаласы Орусиянын гезитинде жарык
көрдү. Материалдын негизги темасы – жалпы баалуулуктарга, маданиятка жана өз
ара сый-урматка негизделген эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер. Мамлекеттин
башчысынын пикиринде, Казакстан менен Орусиянын стратегиялык өнөктөштүгү жана
союздаштыгы Евразиялык коопсуздук системасын түзүүнүн өтө маанилүү фактору
болуп саналат. Азыр эки өлкөнүн мамилеси ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк
жана союздаштык деңгээлине көтөрүлүп жатат. Президент Москвага болгон сапардын
кеңири күн тартибинде тиешелүү Декларацияга кол коюу негизги пункт болорун
белгиледи. Мамлекеттерди бекем экономикалык байланыштар дагы бириктирип турат.
Эки тараптуу товар жүгүртүү өсүп, 30 миллиард долларга жакындап калды.
Касым-Жомарт Токаев мындан аркы кызматташтыктын негизги артыкчылыктарынын бири
катары транспорттук логистиканы атады. Энергетика тармагы да өзгөчө орунду
ээлейт. Мамлекеттер энергетикалык объектилерди курууда жана модернизациялоодо,
анын ичинде Росатомдун катышуусунда биринчи АЭСти курууда кызматташууда.
Касым-Жомарт Токаев эки өлкөнүн аймактарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн
маанилүүлүгүн да белгиледи. Анын айтымында, Казакстан менен Орусиянын аймактар
аралык кызматташтык форумун жыл сайын өткөрүү бардык «горизонталдык»
байланыштардын өнүгүшүнө олуттуу салым кошот. Серепчилер белгилегендей, эки
тараптуу товар жүгүртүүнүн жарымына жакыны – ал азыр 17 миллиард долларды түзөт
– дал ушул аймактар аралык соодага туура келет.
Жумабек Сарабеков, дүйнөлүк экономика жана саясат институтунун серепчиси:
- Чек ара кызматташтыгы
биздин эки тараптуу байланыштарыбызда маанилүү ролду ойнойт – бул жүк ташуу
жаатында да, жалпысынан товар жүгүртүү жаатында да. Региондук, чек ара
инфраструктурасын керектүү абалга келтирүү, ар кандай тоскоолдуктарды,
административдик тоскоолдуктарды чечүү, гуманитардык багыттар боюнча
кызматташуу – мунун баары күн тартибинде актуалдуу. Бул күн сайын жүргүзүлүшү
керек болгон иш.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

