Казакстанда жол курууда алюминий өндүрүшүндөгү өнүм - боксит шламы колдонулат. Ата мекендик окумуштуулардын айтымында, "боксит шламы" кадимки материалдардан 2-3 эсе бекем болуп саналат. Ошондой эле, ал буга чейин жолдорго төшөлүп, сынактан өткөрүү кезинде жакшы жыйынтык бергени эске алынды. Эскерте кетсек, мындан 7 жыл мурда "Павлодар-Семей-Калбатау" жолуна жана 20 жыл мурда "Омск-Майкапшагай" жолуна төшөлдү. Мындан тышкары, жаңы технологияларды колдонуу менен бир гана каражат үнөмдөлбөстөн, жылына 5 миң чакырымга чейин жаңы жолдор курулат. Ошондуктан, аны ишке кошуунун пайдасы көп дешет илимпоздор.
Кайрат
Мухамбеткалиев, «Казжол» илимий-изилдөө институту АК башкармасынын башчысы:
- Лабораториялык
тесттер материалдын үлгүлөрүнүн бекемдигинин жогорулагандыгын көрсөттү. Аталган
боксит шламы автоунаа жолдорунун негизине колдонулду. Бул тажрыйбаны биз кылдат
изилдеп жатабыз. Ошондуктан,
келечекте биз аны өлкөнүн бардык жолго байланыштуу долбоорлорунда кеңири
колдонууну карайбыз.
Мындан тышкары, азыр окумуштуулар башка инновациялык материалдарды иштеп
чыгууда. Атап айтканда, өзүнөн-өзү тыгыздалган бетон аралашмалары үчүн
курамдарды, асфальтбетон үчүн инновациялык минералдык үбөлөндү даярдоо иштери аяктоо
алдында турат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков