Казакстанда өзгөчө кырдаал учурунда чет элдиктердин колдонуу мөөнөтү өткөн документтери жарамдуу деп таанылат. Бирок бул артыкчылык өлкө аймагында жүргөн башка мамлекеттин жараны өздүгүн күбөлөндүргөн документти узартуу же алмаштыруу мүмкүнчүлүгү болбогон учурда гана колдонулат. Сенат ушул жана башка да миграция маселелерине байланыштуу мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Ошондой эле, документте кош жарандыктын жолун бууган нормалар караштырылган.
Советбек Медебаев, Парламент Сенатынын депутаты:
- Кош жарандыкты болтурбоо максатында Казакстан жарандыгын алгандан кийин башка мамлекеттин жарандыгын ырастоочу документтерди пайдаланган учурда, Казакстан Республикасынын жарандыгын жоготуунун жаңы базасы киргизилет. Белгилей кетсек, колдонуудагы мыйзамда чет мамлекеттин жарандыгын алган үчүн гана Казакстан жарандыгын жоготууну каттоо көздөлгөн.
Кандаш макамын берүү тартиби жакшырат
Ошондой эле, ушул документ алкагында кандаш макамын жана Казакстан жарандыгын алуу тартиби жеңилдейт. Маселен, мыйзам долбоорунда талапкердин өздүгүн же улутун ырастаган башка да документтерде тийиштүү жазуу болбогон учурларда, аны тактоо тартибин жакшыртууга багытталган түзөтүүлөр сунушталды.
Советбек Медебаев, Парламент Сенатынын депутаты:
- Бул жаатта, Эмгек жана калкты социалдык коргоо министрлигине улуту казак экенин тастыктоо эрежесин иштеп чыгуу жана бекитүү жөнүндөгү ыйгарым укугу бекитилет. Ушул маселе боюнча чечимди жергиликтүү аткаруучу орган улуту казак экени тууралуу маселелерди кароо жөнүндөгү комиссия түзүү аркылуу кабыл алат. Илимий даражасы бар кандаштарга кандаш макамын алган убакыттан баштап беш жыл ичинде жайгаштыруу аймагынан башка аймактарга мамлекеттик жардам акыны кайтарбай өз эрки менен көчүү укугу киргизилди.
Айта кетсек, былтыр Казакстан жарандыгына 27 миңге жакын адам кабыл алынды.
Анын ичинде кандаштардын саны 20 миңден ашат. Жалпы көз карандысыздык
жылдарында тарыхый мекенине 1 миллиондон ашык этникалык казак көчүп келген.