Алматыга болгон иш
сапарынын алкагында Касым-Жомарт Токаев шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсү
тууралуу баяндама укту. Ерболат Досаевдин айтымында,
2024-жылдын эки айында бюджетке түшкөн каражат 55%га өскөн. Ал эми инвестицияга
келсек, 190 миллиард теңге тартылды. Ошондой эле, президентке
шаардын сейсмикалык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иштер тууралуу маалымат берилди. Быйыл 13 миңден ашык объектке
сейсмикалык аудит жүргүзүлөт. Кулжа айынын 1не чейин «Mass Alert» өз убагында кулактандыруу
кабарлоо системасы пилоттук режимде ишке киргизилет. Сейсмологиялык коопсуздук тууралуу
президент Сейсмологиялык мониторинг жана изилдөө улуттук борборунун мүдүрү менен
сүйлөштү. Даулет Сарсенбаев 16 сейсмикалык станциянын 11и жаңыланганын жана 25 башкаруу пункту
ачылганын билдирди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков