Казакстанга Италиядан туристтер көп келет.
Адистер өлкөнүн аймактарына маалымат берүүчү турлардын аркасында Апеннин жарым
аралынан келгендердин саны көбөйөрүн айтышууда. Атайын италиялык абройлуу
массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү үчүн өткөрүлгөн бул иш-чара өлкөнүн
туристтик дараметин таанытуу максатында уюштурулду.
Даниель Сержан уулу, «Kazakh Tourism» компаниясынын
башкарма төрагасынын орун басары:
-Бул
бир нече бөлүктөн турган маалыматтык тур. Анын биринчи бөлүгү Түштүк Казакстан багытынын
популярдуулугун арттырууга багытталган. Италиялык туристтер үчүн
«Алматы-Шымкент-Түркестан» багыты кызыктуу болот деген ойдобуз. Бул үчүн
Казакстан менен Италиянын соода бирикмесинин жана Neos Air компаниясынын
чакыруусу менен биринчи жолу конок катары 10 адам келди. Алар итальян
тилинде чыккан саякат басылмаларынын журналисттери.
Италиялыктар Шымкент шаарынын тарыхый бөлүгүн,
Түркестан аймагындагы Арстанбаб күмбөзүн, байыркы Отырар шаарынын ордуна жана
Керуен-Сарайда болушту. Түштүк Казакстан багыты буга чейин италиялык ири
Alpitour туристтик операторунун тизмесине киргизилген.
Даниель Сержан уулу, «Kazakh Tourism» компаниясынын
башкарма төрагасынын орун басары:
-Андан соң италиялык беделдүү RAI TV телеканалынын тартуу тобу Астанага келип, өлкөбүз тууралуу кеңири жаңылыктарды жасашты. Андан соң «DOVE» журналы менен «National Geographic» италиялык бөлүмүнүн журналисттери Мангыстау аймагына барып, кооз жерлер тууралуу жазышты. Алар айрыкча Үстирт кырка тоосуна кызыгышат. Европа рыногунда Казакстанга келген туристтердин басымдуу бөлүгүн италиялыктар түзөт деп ойлойбуз. Алар Казакстандан кийин Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнө да кызыгышат. Ошол учурда биз хаб катары иштешибиз керек.
Которгон: Илгиз Жамалбеков