Астанада стратегиялык өнөктөштүк келишимине кол коюлду

Казакстан менен Улуу Британиянын тышкы иштер мекемелеринин жетекчилери жолугушууда Астана менен Лондондун ортосундагы өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Тараптар бизнес, соода жана инвестициялык байланыштарды кеңейтүү жана өз ара пайдалуу долбоорлорду, демилгелерди илгерилетүү боюнча жалпы кызыкчылыктарын ырасташты. Буга кол коюлган стратегиялык өнөктөштүк жана кызматташтык боюнча келишим көмөктөшөт. Документте эки өлкөнүн илимий-изилдөө жаатындагы өз ара аракеттенүүсү да каралган. Британ дипломаты келишимдин алкагында Англияда билим алууну каалаган казакстандык студенттердин стипендиясынын саны эки эсеге көбөйөрүн белгиледи. Ошондой эле, Казакстандан чыкпай эле чет элдик билим алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Алматыда британиялык Queen’s University Belfast университетинин филиалы ачылат. Ал эми Оксфорд университетинде казак тили үйрөтүлө баштайт. Дэвид Кэмерондун иш сапарынын алкагында саламаттыкты сактоо жана транспорт тармагындагы бир катар эки тараптуу документтерге да кол коюлду.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков