Жаңы Конституцияны кабыл алуу Казакстандын өнүгүшүнө түрткү берет

Жаңы Конституцияны кабыл алуу Казакстандын өнүгүшүнө түрткү берет

Жаңы Конституциянын долбоору дээрлик жаңыланган жана профессионалдуу даярдалган документ болуп саналат. Бул тууралуу Президент Касым-Жомарт Токаев Өкмөттүн кеңейтилген жыйынында сүйлөп жатып белгиледи. Документ элди бириктирүүгө жана Казакстандын динамикалуу прогрессин камсыз кылууга багытталган бардык негизги баалуулуктарды камтыйт. Мисалы, анда Адилеттүү Казакстан, Мыйзам жана тартип, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоонун абсолюттук артыкчылыгы сыяктуу негизги принциптер жазылган. Мамлекет башчысы долбоор жарым жылдан ашык убакыт даярдалганын белгиледи. Бардык сунуштарды системалаштыруу үчүн 130 адамдан турган Конституциялык комиссия түзүлгөн. Комиссиянын курамы камтуу жана профессионализм жагынан болуп көрбөгөндөй түзүлүп, анын иши мүмкүн болушунча ачык болду.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

- Акыркы жылдардагы саясий реформаларга кеңири көз караш Казакстандын суперпрезиденттик башкаруу формасы менен биротоло коштошуп, таасирдүү, кадыр-барктуу Парламенти бар президенттик республикага өтүп жатканына ынандырат. Сунушталган өзгөртүүлөр бул процессти табигый түрдө улантат жана акыркы жылдардагы саясий трансформациялар менен бирге, анын ичинде 2022-жылдагы конституциялык реформа менен бирге мамлекетибиздин конституциялык негиздерин толук кайра куруу зарылдыгын жаратат. Чындыгында, кеп мамлекетти башкаруунун жаңы системасын түзүү жөнүндө болуп жатат. Сунушталган жаңылыктар бийлик ыйгарым укуктарын кайра бөлүштүрүүгө, тең салмактуулук жана каршы салмактуулук системасындагы тең салмактуулукту күчөтүүгө жана эң негизгиси бардык саясий институттардын натыйжалуулугун, туруктуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Жаңы Конституциянын долбоорунда «Адам мамлекет үчүн эмес, мамлекет адам үчүн» принциби так чагылдырылган. Билим берүү, илим, инновация жана маданият сөзсүз артыкчылыктуу багыттар катары көтөрүлгөн. Көз карандысыздык, Эгемендүүлүк жана өлкөнүн аймактык бүтүндүгү сыяктуу талашсыз жоболор дагы өзгөрүүсүз бойдон калууда. Президент Казакстандын унитардык мүнөзү, башкаруу формасы дагы өзгөрүүсүз деп таанылды, деп баса белгиледи. Жалпысынан алганда, жаңы Конституциянын долбоору маанилүү прогрессивдүү ченемдерди камтыды. Мамлекет башчысы белгилегендей, жаңы Конституциянын кабыл алынышы Казакстандын өнүгүшүнө күчтүү түрткү берет. Эске сала кетсек, бул маселе боюнча акыркы чечим жалпы улуттук референдумда кабыл алынат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков