Казакстандын жаңы Конституциясынын долбоору жаштардын дараметин ачуунун бекем негизин калыптандырат. Мындай пикирин Сенаттын төрагасы Маулен Ашимбаев Евразия улуттук университетинин студенттери менен жолугушууда билдирди. Жыйынга жаңыланган Баш мыйзамдын нормалары, аларды ишке ашыруудагы жаштардын ролу, ошондой эле документтин өлкөнүн андан ары өнүгүүсү үчүн мааниси талкууланды. Парламенттин жогорку палатасынын спикери референдум өткөрүү жаңы тарыхый кезеңдин башталаарын билдирет, ошондой эле бул кадам партиялык системаны, маслихаттардын дараметин жана жарандык диалог институттарын чыңдоого түрткү берерин белгиледи. Ушул өңүттөн алганда, жаңычылдыктарды ийгиликтүү ишке ашыруу жаштардын активдүү катышуусуна, алардын билим деңгээлине түздөн-түз байланыштуу.
Маулен Ашимбаев,
Парламент Сенатынын төрагасы:
– Президентибиз
Касым-Жомарт Кемелович Токаевдын демилгеси менен өлкөбүз колдонуудагы Баш
мыйзамды жаңылоону колго алды. Коомдук келишимге өз ара диалог жана сыйлашууга
басым жасалган. Улуттук өзгөчөлүгүбүздү бекемдөө, мамлекеттик тилибизди
даңазалоо, патриотизмди колдоо принциптери айкындалган. Бир сөз менен айтканда,
жаңы Баш мыйзам долбоору Казакстандын келечегинин манифести болуп саналат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

