Казакстанда Жапонияда өтө турган бүткүл дүйнөлүк EXPO-2025 көргөзмөсүнө катышат

Казакстанда Жапонияда өтө турган бүткүл дүйнөлүк EXPO-2025 көргөзмөсүнө катышат

Жапониянын Осака шаарында өтүп жаткан EXPO дүйнөлүк көргөзмөсүндө Казакстан өзүнүн павильонун сунуштады. Быйыл масштабдуу эл аралык иш-чарага 158 мамлекет жана 9 эл аралык уюм катышууда. Көргөзмөнүн негизги темасы – «Биздин жашообуз үчүн келечектеги коомду түзүү». Казакстандын павильону Түштүк Корея, Германия, Люксембург, Монако жана Түркия менен катар бир тематикалык кластерде жайгашкан. Өлкөнүн көргөзмө залы бир нече интерактивдүү зоналарды камтыйт: Заманбап 3D картографиялык инсталляциялардан тартып иммерсивдүү проекциялык шоуга чейин. Мындан тышкары, бул жерде трансплантация тармагындагы инновациялык жетишкендик – ALEM аппараты көрсөтүлдү. Ал донордук органдарды бир суткадан ашык сактоого мүмкүндүк берет. Бул башка заманбап жабдууларга караганда бир нече эсе узун, бул ата мекендик инновация адамдардын өмүрүн сактап калуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет дегенди билдирет. Белгилей кетсек, көргөзмө тогуздун айына чейин уланат. Уюштуруучулар алты айдын ичинде ага 30 миллиондой адам келет деп болжолдошууда.

- Мен Казакстандын павильонунда болдум. Көргөнүмө абдан таң калдым. Бул жерде мен сиздердин өлкө тууралуу көп нерселерди билдим. Мага өзгөчө боз үй түрүндөгү павильон жана 3D-мэппинг таасир калтырды.

- Сиздердин өлкөдө чоң-шаркыратмалар, тоолор, талаалар, кооз жаратылышы бар экен. Бул экспозиция - Казакстандын канчалык чоң жана кооз экендигин жана анын жаратылыш байлыктары канчалык маанилүү экендигин көрсөтүүнүн мыкты жолу.

Которгон: Илгиз Жамалбеков